Башкы
>
Жаңылыктар
Куралдуу Күчтөрдө жаңы кышкы окуу жылы башталды
2024-жылдын 2-декабрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин бардык аскер бөлүктөрүндө, аскердик башкаруу органдарында, кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде 2024-жылдын кышкы окуу мезгили башталды.
Коргоо ведомствосунун бардык аскер бөлүктөрүндө кезектеги окуу мезгилине карата иш-чара митингдер менен башталды.
Коргоо министрлигинин борбордук аппаратында кышкы окуу мезгилинин башталышына арналган митингге Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги катышты.
Коргоо министрлигинин жана Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын борбордук аппараттарынын башкаруу органдарынын өздүк курамына Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бакытбек Бекболотов жаңы окуу жылындагы тапшырмаларды жеткирди.
Митинг башкаруу органдарынын өздүк курамынын салтанаттуу саптык өтүүсү менен аяктады.