Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

КР Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскерлеринин өздүк курамын кесиптик майрамы менен куттуктады

14.11.2023
3775

2023-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскерлеринин өздүк курамын, Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлерин, ЕККУнун Бишкектеги кеңсесинин өкүлдөрүн  кесиптик майрамы менен куттуктап, медалдар менен сыйлады. 

Жыл сайын 13-ноябрда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо аскерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.