Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

КР Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров менен жолугушту

27.09.2023
4079

2023-жылдын 27-сентябрында КР Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник Анатолий Сидоров менен жолугушту.

Жолугушуу учурурунда үстүбүздөгү жылдын 9-13-октябрында Кыргыз Республикасынын аймагында өтүүчү ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешкен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна болгон даярдыктар жана өткөрүүсү боюнча суроолорду талкуулашты.

Эскерте кетсек, А. Сидоров Кыргызстанга 26-сентябрда «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтө турчу жайлар менен таанышуу максатында келген 

А. Сидоров иш сапарынын жүрүшүндө 20636 аскер бөлүгүнө барып ЖККУга мүчө-мамлекеттердин аскердик контингенттеринин жайгашуусу, камсыз болуусу, окуу орундарынын жайгашуусу жана камсыздалышы, машыгуу пункттарын жайгашуусу жана иштелип чыгуучу суроолордун (практикалануучу маселелердин) тизмеси менен таанышты.

Биргелешкен башкаруу пункттардын жана участоктордун жайгашуусуна, машыгуунун негизги тактикалык эпизоддорун практикалык түрдө ишке ашыра турган аймактарга өзгөчө көңүл бурулду.