Башкы
>
Жаңылыктар
КР КМ 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборуна ЖККУнун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник А.Сердюков жана ЖККУ Генералдык катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков келди
06.09.2024
883
2024-жылдын 6-сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборуна ЖККУнун бириккен штабынын башчысы генерал-полковник А.Сердюков жана ЖККУ Генералдык катчысынын орун басары Таалатбек Масадыков келди.
Конокторду КР КК ГШ башчысы генерал майор Р.Мукамбетов тосуп алып, ЖККУнун "Өз ара аракеттенүү - 2024" биргелешкен командалык штабдык машыгуусунун, "Издөө - 2024" жана "Эшелон - 2024" атайын окуу-машыгууларынынын даярдыктарынын жүрүшү менен таанышышты.
Окуу-машыгуу талаасындагы даярдыктар, андагы командалык пункттар, аскер талаа госпиталы жана аскердик контингенттер жайгашкан казармалардын абалын көрүп чыгышты.