Башкы
>
Жаңылыктар
КР ККф Улуттук гвардиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы бөлүктөрү, инженердик-сапер бөлүктөрүнүн катышуусундагы биргелешкен атайын- тактикалык сабактары жана тренингдери аяктады
3-ноябрь 2023-жылы Өзбекстан Республикасынын Улуттук гвардиясынын “Фориш” тоо-окуу борборунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Улуттук гвардиясынын атайын багыттагы бөлүктөрү, инженердик-сапер бөлүктөрүнүн катышуусундагы биргелешкен атайын- тактикалык сабактары жана тренингдери аяктады.
Жыйынтыктоо аземине Өзбекстан Республикасынын Улуттук гвардиясынын колбашчысы генерал-майор Рустам Жураев, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын колбашчысы гвардиянын полковниги Талантбек Эргешов, аскер кызматчылар жана сабактардын жана тренингдердин түздөн-түз катышуучулары катышышты.
Иш-чаранын аягында өзгөчөлөнгөн катышуучулар грамоталар жана медалдар менен сыйланышып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын делегациясы үчүн Өзбекстан Республикасынын Улуттук гвардиясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу экскурсиясы уюштурулду.
Эскерте кетсек, биргелешкен тактикалык-атайын сабактар жана "Достук - 2023" тренингдери 23-жылдын 4-октябрынан 2023-ноябрына чейин Өзбекстан Улуттук гвардиясынын "Фориш" окуу-машыгуу борборунун базасында өттү. Бир жуманын ичинде кыргызстандык аскер кызматкерлери өзбек кесиптештери менен атайын багыттагы бөлүктөрдү даярдоо, тактикалык-атайын, ок атуу, тоо-кен жана байланыш боюнча даярдыктарды иштеп чыгышты. Мындан тышкары, инженердик-сапердук подразделениелер үчүн атайын даярдыктар боюнча сабактар уюштурулду.