Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн маалыматтык камсыздоо маселелери боюнча Координациялык комитетинин жыйыны өтүүдө

16.10.2025
70

2025-жылдын 16-октябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн маалыматтык камсыздоо маселелери боюнча Координациялык комитетинин жыйыны өтүүдө.

 

Координациялык комитеттин ишине Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин делегациясынан тышкары, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Россия Федерациясынын, Өзбекстан Республикасынын коргоо ведомстволорунун делегациялары, ошондой эле КМШ Коргоо министрлер кеңешинин Катчылыгынын жана «Мир» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын директорлор кеңешинин өкүлдөрү катышууда.

 

Жыйындында КМШга мүчө мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн ишмердүүлүгүндөгү маалыматтык камсыздоо тармагындагы актуалдуу маселелер каралууда. 

Жыйын Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы Алмазбек Сарбановдун төрагалыгы алдында өтүп жатат.