Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө жыйын өттү

05.02.2025
382

2025-жылдын 5-февралында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда Коргоо министрлигинин биринчи орун басары генерал-майор Э.Ж. Тердикбаевдин жетекчилигинде Бишкек гарнизонунун кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ченемдик укуктук актыларга киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө жыйын өткөрүлдү. 

Жыйынга Кыргызстандын Аскердик түзүмдөрүнүн жетекчилери, аскер кызматкерлери жана башка тиешелүү адистер катышты. 

Жыйында УКМКнын Аскердик контрчалгындоо башкы башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын нормалары түшүндүрүлдү.

Иш-чаранын максаты — коррупциянын алдын алуу жана аны болтурбоо боюнча мамлекеттик ченемдерди жана нормаларды аскердик түзүмдөрдө туура колдонуу, ошондой эле кызматкерлерди коррупцияга каршы мыйзамдар жана талаптар боюнча жаңыланган маалымат менен камсыз кылуу болуп саналат.