Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты

05.05.2025
353

2025-жылдын 5-майында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын майрамдоонун урматына өткөрүлгөн иш-чаралардын комплексинин алкагында Коргоо министрлигинин жетекчилиги Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттукташты.

Ардагерлерди даректүү куттуктоо республиканын бардык аймактарында болуп, ал эми алты ардагер жашаган Бишкек шаарында Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов, министрдин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаев баштаган коргоо ведомствосунун жетекчилиги, ошондой эле коргоо ведомствосунун башка кызмат адамдары куттукташты.

Иш-чара КР КМ аскердик-көрсөтмө оркестринин, КР КК Улуттук гвардиясынын ардак кароол ротасынын аскер кызматчыларынын катышуусу жана Куралдуу Күчтөрдүн борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобунун аскердик-патриоттук ырларды аткарышы менен өткөрүлдү.

Коргоо министрлигинин жетекчилиги тарабынан мындай даректүү куттуктоолор салтка айланып келет.

Кошумча маалымат:

360 миңден ашуун мекендешибиз Улуу Ата Мекендик согушка кетип,  алардын 160 миңден ашууну кайтып келбей каза болгон, жарымынан көбү Күжүрмөн медалдар жана ордендер менен сыйланган, 74 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры, ал эми 26 сы “Даңк” орденинин толук кавалери болгон.

Быйыл Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын Кыргызстанда согуштун 14 катышуучусу белгилейт.