Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин өздүк курамы Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо ишембилигине катышты

05.04.2025
150

2025-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин өздүк курамы Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган эки айлыктын алкагында ишембилик өткөрдү.

Ишембиликке Генералдык штабдын аскер кызматчылары Логвиненко көчөсүндөгү эстеликтерди тазалап, жолдорду жана аянттардын сырткы көрүнүшүн жакшыртуу иштерин өткөрүштү.

Бул иш-чаранын негизги максаты — шаардын экологиялык абалын жакшыртуу, калк арасында тазалыкка жана жаратылышка болгон жоопкерчиликти арттыруу.

Мындай ишембиликтер Бишкек гарнизонундагы бардык аскер бөлүктөрүндө да өткөрүлүүдө.