Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинин маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын катышуусундагы брифинг болуп өттү
2025-жылдын 30-январында ЖККУнун кризиске жооп кайтаруу борборунда "2024-жылга ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн биргелешип даярдоонун жыйынтыктары жана 2025-жылга милдеттери" темасындагы брифинги болуп өттү.
Брифингге Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен (видеоконференцбайланыш режиминде) КР КК ГШ ШИИБ маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы подполковник Т.У. Раимжанов башында турган КР Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал-полковник А.Сердюков уюмдун жоопкерчилик зонасындагы аскердик-саясий кырдаалдын негизги тенденциялары, өткөн жылдагы биргелешкен машыгуулардын жыйынтыктары, Бириккен штабдын ишинин артыкчылыктары жана ЖККУнун аскерлеринин (жамааттык күчтөрүнүн) биргелешкен оперативдик жана күжүрмөн даярдыгынын алкагында 2025-жылга пландаштырылган иш-чаралардын комплекси жөнүндө айтып берди.