Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командалык курамы менен оперативдик жыйын жана 2023-окуу жылы үчүн жыйынтыктарды чыгаруу башталды
Бүгүн, 2023-жылдын 15-ноябрында 20636-аскер бөлүгүнүн базасында 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн даярдоо Планына ылайык жетектөөчү курам, башкаруу органдары, аскерлердин (күчтөрдүн) командачылыгы менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командалык курамы менен оперативдик жыйын жана 2023-окуу жылы үчүн жыйынтыктарды чыгаруу башталды. Мында катышуучуларга жетектөөчү документтерди жана оперативдик, күжүрмөн даярдыкты уюштуруу боюнча иштин бирдиктүү методикасын, 2023-окуу жылындагы аткарылган иш-чараларды талдоо, ошондой эле 2024-жылга милдеттерди коюу жеткирилмекчи.
Жыйындын алкагында жыйындын катышуучулары менен күжүрмөн, оперативдүү жана мобилизациялык даярдыктын элементтерин камтыган нускамалык-методикалык сабактар, ошондой эле маданий эс алуу иш-чаралары пландаштырылган.
Жыйын 17-ноябрда, 2024-окуу жылына тапшырмаларды коюу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн коллегиясынын отурумун өткөрүү менен жыйынтыкталат.