Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин жыйыны болуп өттү
2023-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде, КР коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Эрлис Тердикбаевдин жетекчилиги алдында КР Коргоо министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин жыйыны болуп өттү.
Иш-чарага КР Коргоо министрлигинин жана КР КК Генералдык штабынын офицерлери жана адистери, КР КК Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант К.Үсөнбеков атындагы Аскердик институтунун профессордук-окутуучулук курамы, ошондой эле өлкөнүн жогорку окуу жайларынын илимий ведомстволорунун жетекчилери катышты.
Дискуссиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы актуалдуу темалар, коргоо жаатындагы учурдагы келечектүү илимий-техникалык багыттар, үстүбүздөгү жылы аткарылган илимий-изилдөө иштеринин жыйынтыктары чыгарылды жана 2024-жылга өлкөнүн коргоо ведомствосунун илимий-изилдөө иштеринин темалары жеткирилди.