Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын өздүк курамы КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн ишембиликке катышышты

06.04.2024
3156

2024-жылдын 6-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын өздүк курамы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери 2022-жылдын 6-сентябрындагы № 305 " Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн ишембиликке катышышты.

Аскер кызматкерлери Логвиненко көчөсүнүн Чүй проспектисинен Л.Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндө тазалоо иштерин жүргүзүштү. Арыктар тазаланып, аймак таштандылардан, түшкөн жалбырактардан тазаланды. 

Эскерте кетсек, ишембилик Кыргыз Республикасынын шаарларынын жана калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык абалын жакшыртуу, жашылдандыруу, аймактарын көрктөндүрүү максатында өткөрүлүүдө.