Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана Генералдык штабдын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн командаларынын арасында волейбол боюнча биринчилик болуп өттү

09.02.2024
3041

2024-жылдын 16-январынан 8-февралына чейин Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын жана Генералдык штабдын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн командаларынын арасында волейбол боюнча биринчилик болуп өттү.

8-февралда турнирдин финалдык оюндары өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. 

Турнирде башкы күжүрмөн даярдоо башкармалыгынын базасында түзүлгөн Генералдык штабынын курама командасы жеңишке жетишти. Аларга коргоо министринин өтмө кубогу тапшырылды.

Экинчи орунду каржы башкармалыгынын базасында түзүлгөн Коргоо министрлигинин борбордук аппаратынын курама командасына ээледи.  Ал эми үчүнчү орунга башкы куралдануу башкармалыгынын базасында түзүлгөн команда жетишти.   Алар экинчи жана үчүнчү даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Ошондой эле спорттук иш-чаранын жүрүшүндө "Мыкты чабуулчу", "Мыкты оюнчу" жана "Мыкты коргоочу"номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды. 

Турнирдин жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөрдү Генералдык штабдын башчысынын биринчи орун басары полковник Артур Темиров сыйлады. 

Белгилей кетсек, мындай спорттук мелдештер жыл сайын өткөрүлүп турат.