Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинин Башкы куралдануу башкармалыгынын башчысы полковник Ли Адрей Геннадьевич Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдон Ардак грамота алды
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды тапшыруу салтанаттуу аземи болуп, анда Коргоо министрлигинин Башкы куралдануу башкармалыгынын башчысы полковник Ли Адрей Геннадьевич Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн башкы колбашчысы Садыр Жапаровдон Ардак грамота алды.
Сыйлык тапшыруу аземинде "Узап бараткан жылда бир топ ийгиликтер жаралып, олуттуу окуяларга күбө болдук. Мына ошол жетишкендиктерге, албетте, ушул жерде отурган сыйлык ээлеринин бараандуу салымы бар деп эсептейм. “Эл ичи – өнөр кенчи” деп айтылган накыл кептегидей, эл арасынан эмне деген гана таланттуу адамдар чыкпайт. Аларды байкабай коюуга, же жараткан эмгегин баалабай коюуга мүмкүн эмес. Бүгүнкү иш-чарада отурган жарандарыбыз, дал ошондой көптүн ичинен суурулуп, эмгеги менен элге таанылып, тигил же бул тармактын ишин алга жылдырып, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон инсандар экенине эч шегим жок", - деп Мамлекет башчысы айтып өттү.
Президент Садыр Жапаров сыйлангандарды куттуктап, алар ак ниет жана жаратман эмгеги менен мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгонун белгиледи.