Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинин 93546 аскер бөлүгү 47 жылдыгын белгиледи
10.11.2023
2067
2023-жылдын 10-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 93546 аскер бөлүгү 47 жылдыгын белгиледи.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, чакырылган коноктор жана аскер бөлүктүн өздүк курамы катышты.
Иш-чаранын алкагында аскер бөлүктүн ок атуу полигонунда күч түзүмдөрүнүн арасында ок атуу мелдеши уюштурулду.
Соңунда ок атуу мелдешинин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.