Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы кенже сержант Мукайбеков Батырхандын эл аралык мелдештеги жеңиши
01.12.2025
28
2025-жылдын 27-30-ноябрында Белград шаарында (Сербия) өткөн эл аралык «Сётокан» каратэ-до ачык чемпионатына Коргоо министрлигинин 73809 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчысы кенже сержант Мукайбеков Батырхан 3 – орунду багындырды.
Мелдешке 16 мамлекеттин спортчулары катышып, Кыргызстандын курама командасы командалык таймашта 1-орунду ээледи.
Эскерте кетсек, кенже сержант Б. Мукайбеков үстүбүздөгү жылдын май айында Москва шаарында өткөн мелдеште 75 салмакта 2 орунду багындырып, Кыргызстандын намысын эл аралык мелдештерде коргоп келген.