Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин 73 809 аскер бөлүгү жаш жоокерлер менен толукталды

18.05.2024
208

2024-жылдын 18-майында Коргоо министрлигинин 73 809 аскер бөлүгүндө жазгы чакырык менен келген жаш жоокерлердин аскердик ант берүү салтанаттуу иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарага 73 809 аскер бөлүгүнүн командачылыгы, өздүк курамы жана жаш жоокерлердин ата-энелери менен жакындары катышты.

Ант берүү иш-чарасынын алкагында жаш жоокерлер бир ай ичинде үйрөнгөн курал менен саптык ыкмаларын, кол кармаш урушунун ыкмаларын жана куралдуу мыйзамсыз күчтөрдү жок кылуудагы аракеттерди көрсөтүштү.

Иш-чара жаш жоокерлердин саптык жүрүшү менен аяктады.

Эскерте кетсек, жоокерлер буга чейин жаш жоокерлердин курсунан өтүшүп, уставдын талаптарын, милдеттерин, саптык даярдык жана ок атуу даярдыктарынан өткөн.