Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин 30670 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары «Бузулбас боордоштук-2024» машыгуусуна катышуу үчүн жөнөп кетишти

25.09.2024
162

2024-жылдын 25-сентябрында КР Коргоо министрлигинин 30670 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары Казак Республикасынын аймагында Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты орнотуучу күчтөрү менен биргеликте өтүүчү командалык-штабдык «Бузулбас боордоштук-2024» машыгуусуна жөнөп кетишти. 

Машыгуу 2024-жылдын 28-сентябрынан 5-октябрга чейин Казак Республикасынын “Берег” полигонунда өтүп, ага ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин аскердик контингенттери катышмакчы. 

Эске салсак, «Бузулбас боордоштук-2024» командалык-штабдык машыгуусу былтыр 2023-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлгөн.