Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгууталаасында Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусу өтөт

11.09.2025
138

2025-жылдын 17-20 - сентябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгууталаасында Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү менен «Чек-2025» командалык-штабдык машыгуусу өтөт.

Машыгуу «ЖККУ мүчө мамлекетинин аймагына мыйзамсыз кирген куралдуу түзүмдөрүн жок кылуу боюнча Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирүү жана жүргүзүү» темасында пландалган.

«Чек-2025» эл аралык машыгуусуна Кыргызстан, Казакстан, Россия жана Тажикстан мамлекеттеринин аскердик контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгы жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.

ЖККУга мүчө мамлекеттеринин аскердик контингенттеринин машыгуу өткөрүүчү аймакка келиши 17-сентябрга чейин пландалган.

Окуу борбордун аймагында аскердик шаарчаны уюштуруу үчүн бардык зарыл инфраструктура элементтери түзүлгөн. Алсак, машыгуунун катышуучуларынын күнүмдүк ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн орундар, ошондой эле аскерлердин практикалык аракеттери үчүн бардык зарыл объектилер даярдалган.

Биргелешкен машыгуунун ачылыш аземи 2025-жылдын 17-сентябрында өтөт.

Эскерте кетсек, 2001-жылы ЖККУ Коопсуздук Кеңешинин чечими менен түзүлгөн Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрү заманбап курал-жарак жана аскердик техника менен жабдылган туруктуу даярдыктагы аскер бөлүктөрү кирет. Борбор Азия регионунун тез жайылтуучу жамааттык күчтөрүнүн бөлүктөрүнүн негизги милдеттери тышкы аскердик агрессияны токтотуу жана биргелешкен контртеррористтик операцияларды өткөрүүгө катышуу болуп саналат.