Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө “Өз ара аракеттенүү - 2024”, “Издөө-2024” жана “Эшелон-2024” машыгуулары өтөт
2024-жылдын 7-сентябрынан 11-сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн окуу-машыгуу борборунун аймагында Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим Уюмунун (ЖККУ) Ыкчам жооп кайтаруу жамааттык күчтөрүнүн (ЫЖКЖК) командалык-штабдык “Өз ара аракеттенүү - 2024”, чалгындоо күчтөрү жана каражаттары менен “Издөө-2024”, ошондой эле, материалдык-техникалык камсыздоо күчтөрү менен “Эшелон-2024” атайын машыгуулары өтөт.
Машыгуу Жамааттык коопсуздуктун “Борбор Азия аймагындагы куралдуу чыр-чатактарды чечүү боюнча ЖККУнун ЫЖКЖК биргелешкен операциясын даярдоо жана өткөрүү” темасында пландалып, үч этапта өткөрүлөт.
“Өз ара аракеттенүү-2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” эл аралык машыгуусуна Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын улуттук контингенттери, ошондой эле ЖККУнун Катчылыгынын жана Бириккен штабынын өкүлдөрү катышат.
Машыгууларга ЖККУга мүчө-мамлекеттердин улуттук контингенттеринин 1500дөн ашык аскер кызматчылары, ошондой эле 200дөн ашык аскердик техника, анын ичинде 10го жакын авиациялык техника жана 10го жакын деңиз кемелери катышат.
ЖККУга мүчө-мамлекеттердин контингенттеринин машыгуулары өткөрүлүүчү аймакка келүүсү 3-сентябрдан 5-сентябрга чейин пландаштырылган.
Окуу-машыгуу борборунун аймагында машыгуунун катышуучуларынын иштөөсү, жашоосу, тамактануусу жана күнүмдүк ишмердигин уюштуруу үчүн аскер шаарчасынын инфраструктурасынын бардык элементтери, ошондой эле машыгуу учурунда аскерлердин практикалык аракеттери үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Биргелешкен машыгуунун ачылыш аземи 2024-жылдын 7-сентябрында болот.
2024-жылдын 11-сентябрында куралдуу чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча биргелешкен операциянын жүрүшүндө ЖККУнун ЫЖКЖК практикалык иш-аракеттери пландалган, ошондой эле “Өз ара аракеттенүү – 2024”, “Издөө-2024”, “Эшелон-2024” машыгууларынын жабылыш аземи болот.
Машыгуунун жетекчиси – КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын биринчи орун басары, полковник Артур Темиров белгилегендей, “...Коргоо министрлигинин жана Генералдык штабдын жетекчилиги, башкаруу органдары, КР КК кошуундарынын, бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин өздүк курамы “Өз ара аракеттенүү – 2024” машыгуусу ийгиликтүү өтүүсү үчүн ал эми катышуучулар эч кандай ыңгайсыздыкты сезбестен, өздөрүн өз үйүндө жүргөндөй сезишти.
Биз машыгуу өткөрүүгө толук даярбыз.
Белгилей кетсек, окутуудан тышкары, кеңири маданий программа жана спорттук мелдештердин кеңири чөйрөсү да пландаштырылган...”.
Андан кийин, полковник А.Темиров машыгуунун негизги максаттарына токтолуп, анын ичинен эң актуалдуусу катары ЖККУнун башкаруу органдарынын операцияны пландоодогу практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүнү жана ЖККУнун улуттук контингенттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү ошондой эле киргизилген жаңы тактикалык ыкмаларды, алдынкы согуштук тажрыйбаларды киргизүүнү баса белгиледи.