Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигине инженердик техникалар жана мүлктөр алынды

14.11.2025
64

2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин ортосундагы эки тараптуу аскердик-техникалык кызматташтыктын алкагында КР Куралдуу Күчтөрүнө инженердик техникалар жана мүлктөр өткөрүлүп берилди.

Инженердик техникаларды жана мүлктөрдү кабыл алуу аземи 8-гвардиялык мотаткычтар дивизиясынын базасында өтүп, ага Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин өкүлдөрү катышты.

Алынган инженердик техникалар жана мүлктөр Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүндө инженердик камсыздоо боюнча тапшырмаларды өз убагында жана сапаттуу аткарууга көмөк көрсөтөт.