Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министрлигинде Мекен коргоочулардын күнүнө карата митинг болуп өттү
2026-жылдын 23-февралында Коргоо министрлигинде Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Коргоо министрлигинин башкаруу органдарынын аскер кызматчыларынын катышуусу менен митинг болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов катышып, Коргоо министри өз сөзүндө “Өлкөнүн жетекчилиги тарабынан аскер кызматчыларын социалдык жактан камсыздоого да бир топ көңүл бурулууда. Биз мындан ары да турак-жай менен камсыздоону, ыңгайлуу, заманбап инфратүзүмдөрү бар аскер шаарчаларын курууну, аскер кызматчыларыбыздын статусун көтөрүүнү жаатындагы иш аракеттерди токтотпойбуз”, - деди.
Иш-чаранын соңунда “Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамын сыйлоо жөнүндө” буйругу жеткирилип, Коргоо министрлигинин кызматында ийгилик жараткан аскер кызматчылары сыйланды.