Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлигинде аскердик терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн бет ачары өттү

16.10.2025
23

 

2025-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратында аскердик терминдердин орусча-кыргызча сөздүгүнүн бет ачары болуп өттү.

 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Терминологиялык комиссиянын төрагасы Кадаңбай Бактыгулов, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору Темирбек Осмоналиев, Жогорку Кеңештин Аппаратынын котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүнүн башчысы Азимжан Ибраимов, ошондой эле Коргоо министрлигинин аскер кызматчылары катышты.

 

Сөздүктүн мазмуну талкууланып, катышуучулар тарабынан бир катар сунуштар айтылды. Иш-чара мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана аскердик терминологияны бир системага келтирүүгө багытталган маанилүү кадам катары белгиленди.