Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлиги жаңы окуу жылына карата жогорку аскердик окуу жайларга курсанттарды кабыл алууну жарыялайт

04.02.2026
137

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 2026-жылдын 2-февралынан 20-февралына чейин республиканын бардык аймактарындагы жалпы орто жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында кесиптик-багыт берүү иштерин жүргүүдө.

Бул иш-чаралар жаштарды аскердик-мекенчилдикке тарбиялоону чыңдоого, келечектеги кесипти аң-сезимдүү тандоого шарт түзүүгө, ошондой эле окуучулардын Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин аскердик билим берүү уюмдарында окууга жана аскердик кызматка болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.

Аскер кесибин тандаган 9-класстын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз улуттук аскер лицейине (КУАЛ) тапшыра алышат. Ал эми мектептердин, лицейлердин, колледждердин жана КУАЛдын бүтүрүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда же чет өлкөлүк аскердик билим берүү уюмдарында окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын курсанттары Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын 30дан ашуун аскердик билим берүү уюмдарында, ошондой эле Бишкек шаарында жайгашкан Аскердик институтунда билим алышууда. 

Жогорку аскердик билим берүү уюмдарынын курсанттары акысыз сапаттуу жогорку билим алып, толугу менен мамлекеттик камсыздоодо болушат.

Аскердик билим берүү уюмдарын бүтүргөндөргө тандаган адистиги боюнча жогорку билими тууралуу диплом берилет жана милдеттүү түрдө жумушка орноштуруу кепилденет. Мындай деңгээлдеги адистер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө гана эмес, жарандык тармакта да талапка ээ.

Аскердик билим берүү уюмдарына тапшыруу тартиби тууралуу кеңири маалыматты Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин www.mil.gov.kg расмий сайтынын «Билим берүү» бөлүмүнөн алууга болот.