Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министрлиги 1999-2000- жылдардагы Баткен окуясын эскерүү күнүн белгиледи

25.10.2025
121

Бүгүн, 2025-жылдын 25-октябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги 1999-2000- жылдардагы Баткен окуясын эскерүү күнүн белгиледи. Бул күн – өлкөбүздүн эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн коргоо жолунда өз өмүрүн арнаган баатыр жоокерлерди эскерүү, алардын эрдигин даңазалоо жана тынчтыктын баасын терең сезүү күнү болуп саналат. Иш-чара Баткен баатырларына арналган эстеликке гүлчамбарды коюу аземи менен башталып, Ш.Термечиков атындагы драма жана сатира театрында уланды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы — Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Тариэль Отонбаев, Баткен окуясынын катышуучулары, ошондой эле Коргоо министрлигинин жана Генералдык штабдын аскер кызматчылары катышты. Генералдык штабдын башчысы – Коргоо министринин биринчи орун басары полковник Тариэль Отонбаев өз сөзүндө, Баткен жана Чоң-Алай аймактарындагы террорчулук бандаларды жок кылуу операциясынын аяктаганына 25 жыл толгонун белгилеп, ал күрөштө кыргыз жоокерлери жана ардагерлер эрдик менен Мекенге берилгендикти көрсөтүшкөнүн айтты. Ал баатырларча курман болгон 54 аскерди урмат менен эскерип, бардык катышуучуларга ден соолук жана тынчтык каалады. Иш-чарада Баткен окуясынын катышуучуларына жана алардын үй-бүлөлөрүнө ыраазычылык билдирилип, жоокерлерге ардак грамоталар тапшырылып, каза болгон жоокерлердин жакындарына акчалай жардамдар көрсөтүлдү. Иш-чара Борбордук армия үйүнүн чыгармачыл тобунун концерттик программасы менен аяктады.