Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министринин Кубогу үчүн армиялык кол кармаш урушу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү

09.04.2025
515

2025-жылдын 9-апрелинде Кожомкул атындагы спорт сарайында Кыргыз Республикасынын Армиялык кол кармаш урушу (рукопашный бой) боюнча чемпионатынын ачылыш аземи болуп өттү. 

Коргоо министринин Кубогу үчүн өткөрүлүп жаткан чемпионатка Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Улуттук гвардиянын, Аскер институтунун, Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Чек ара кызматынын командалары, ошондой эле республика боюнча клубдук командалар катышууда. 

Чемпионатта 20дан ашык команда жана 300дөн ашык мушкер күч сынашат. 

Аталган спорттук иш-чара Коргоо министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Аскердик кармашып урушуу жана өзүн-өзү коргоо федерациясы тарабынан биргеликте өткөрүлүп, турнирдин коноктору катары Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары  генерал майор Эрлис Тердикбаев, Россиянын Кыргызстандагы Элчилигинин дипломатиялык өкүлдөрү, өлкөнүн спорт жетекчилери, ошондой эле спорттун жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери катышат.

 

Жеңген спортчулар Түркияга сапарга чыгууга мүмкүнчүлүк алат.