Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Э. Д. Тердикбаев Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер академиясынын өкүлдөрү менен жолукту

28.11.2023
3897

2023-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Аскер институтунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Э. Д. Тердикбаев Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын аскер академиясынын башчысынын орун басары А. С. Коржевский башында турган делегациясы менен жолугушуусу болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө аскердик билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердиги маселелери талкууланып, тараптар ортосундагы кызматташуунун негизги келечектүү багыттары талкууланды. 

Россия тарап менен болгон жыйынтыгында КР КК Аскер институту менен РФ КК Генералдык штабынын аскер академиясынын ортосунда аскердик билим берүү жана илимий-изилдөө ишмердүүлүгү жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумдун долбоору даярдалды.