Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министри иш-сапары менен түштүк-батыш оперативдик командачылыгында

01.06.2025
119

2025-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов талаа иш-сапары менен Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгында болду.

Иш-сапардын алкагында Коргоо министри 92843 аскер бөлүгүнө барып, жоокерлер жана аскер кызматчылары менен жолугушуп, алардын кызмат өтөө шарттары, күнүмдүк турмушу жана даярдыгы тууралуу жеринен кабар алды.

Ошондой эле, аскер шаарчасынын тургундары менен жолугушуп, алардын социалдык маселелерин угуп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.