Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетовдун 29-май – Куралдуу Күчтөр күнү менен куттуктоосу

29.05.2025
70

Жолдош генералдар, офицерлер, прапорщиктер жана жоокерлер! Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери!

​Сиздерди Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн 33 жылдык мааракеси менен куттуктайм!

​Жыл сайын 29-май улуттук Куралдуу Күчтөрдүн түптөлүшүнүн күнү катары белгиленип келет.

​Куралдуу Күчтөрдү түзүү биздин жаш мамлекет үчүн оңой болгон эмес жана ал өзүнүн өнүгүү этаптарында башынан бир топ кыйынчылыктарды өткөрүп, бирок андан ал өнүгүү жана калыптануу жолун өзүнүн даңктуу салттарын сактоо менен татыктуу чыга алды.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында мамлекет үчүн кооптуу жана оор күндөр көп эле болду, биз ар дайым эркиндик, тынчтык жана турктуулук, аймактык бүтүндүк жана улуттук кызыкчылыктар үчүн өзүн курмандыкка чалгандарды эстен чыгарбашыбыз керек.

Урматтуу коллегалар!

Эзелтен элибиз аскер кызматын сыйлап келген. Өлкөбүздүн тарыхы анын жоокердик тарыхы менен тыгыз байланышкан жана биздин ата-бабаларыбыз көрсөтүп кеткен каармандыктын, баатырдыктын, майтарылбас рухтун жана Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсүнө бай.

Бүгүн биз армияга болгон сый урматты, аскер кызматынын кадыр-баркын кайрадан жандандыра алдык деп ишенимдүү айта алабыз.

Бул үчүн мамлекет жетекчилиги аскер кызматчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн татыктуу деңгээлдеги жашоо шарттар менен камсыз кылуу жаатында иш-аракеттерди жасап жатат.

Республикалык масштабдагы жасалып жаткан иштердин алкагында заманбап инфратүзүмдөрү менен жаңы аскер бөлүктөр курулуп, аскер кызматчыларын сапаттуу турак-жай, татыктуу айлык маяна менен камсыз кылуу, аскер кызматын толук деңгээлде аткаруу үчүн керектүү материалдык-техникалык мүлктөр менен камсыз кылуу жана аскерлерди заманбап аскердик жана күжүрмөн техникалар менен кайра куралдандыруу жүрүүдө.

​Ошентип, бүгүнкү күндөгү Куралдуу Күчтөр өлкөбүздүн маанилүү мамлекеттик институту болуп, аймактык коопсуздукту бекемдөөгө жана Кыргызстандын тынч жашоодо өнүгүүсүн камсыз кылууга баа жеткис салымын кошууда. ​Ошону менен бирге аскер кызматынын аброю, анын кубаттуулугу мамлекеттен гана көз каранды эмес экендигин белгилеп кетким келет. Аны кызмат кылган ар бир аскер адамы – биринчи кезекте армиянын түркүгү болгон офицерлер түзүшөт.

​Бүгүн дал ошол офицердик корпус Куралдуу Күчтөрдөгү кайра жаралуулардын негизги аткаруучулары болуп эсептелет, анын ийгиликтүү болушу алардын моралдык-ишмердик жана кесиптик сапаттарынан көз каранды.

​Баарыбыздын максатыбыз бир бул – Мекенге болгон берилгендик жана тайманбастык, гүлдөп-өскөн күчтүү Кыргызстанды куруу.

​Урматтуу Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлери!

​Мамлекет Сиздерге ишенет, Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын жана аскердик коопсуздугун коргоо үчүн Сиздерден туруктуулук жана ар кандай кырдаалга даяр болуу талап кылынат.

Аскер ишине үйрөнгүлө, эр жүрөктүүлүктүн жана баатырдыктын, Мекенге болгон сүйүүнүн үлгүсү болгула.

Сиздерди бүгүнкү аскер адамы үчүн маанилүү болгон майрамыңыздар менен куттуктайм, ишенимдүү кызмат кылып, өз күчүңөрдү аябастан Мекенди коргойт деп терең ишенем.

Сөзүмдүн аягында Сиздерге кызматыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Айрыкча, Сиздерди ар дайым күтүп, колдоп турган, жакындарыңыздарга өзгөчө ыраазычылык билдирем.

​Ден соолук, бакубат жашоо жана кесипкөйлүк жактан жетишкендиктерди каалайм!