Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов жаңы имараттын капсуласын салды
30.05.2025
144
2025-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов Аскер институтунун курсанттык ашканасынын жаңы имаратынын капсуласын салды.
Бул иш-чара жогорку аскердик окуу жайдын инфраструктурасын, Аскер институттун курсанттарынын жашоо жана окуу шарттарын жакшыртуу максатында өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, өткөн жылы аскер институтунда курсанттардын жаңы казармасы пайдаланууга берилген.
Иш-чара Коргоо министрлигинин борбордк армия үйүнүн чыгармачыл тобунун концерттик программасы аяктады.