Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов ЖККУ Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен регионалдык жана эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулады

13.02.2025
3610

2025-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов менен Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Башкы катчысы Тасмагамбетов Имангали Нургалиевичтин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар регионалдык жана эл аралык коопсуздук маселелерин талкуулашты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри ЖККУга төрагалык кылуу мезгилиндеги Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүлүп жаткан иш-чараларды белгилеп, ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинин 2025-жылдагы кезектеги жыйынына даярдыктар тууралуу айтып берди.

Иш-чаранын аягында КР Коргоо министри бекем ден соолук жана уюмдун ар тараптуу өнүгүүсүндө ийгиликтерди каалады.