Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов «Пока мы едины – мы непобедимы» аттуу иш-чарага катышты

09.04.2025
492

Бүгүн, 2025-жылдын 9-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов «Пока мы едины – мы непобедимы» аттуу иш-чарага катышты. 

Иш-чара «Уроки Памяти» долбоорунун алкагында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жыйындар залында болуп өттү.

Уроки Памяти» долбоорунун уюштуруучулары болуп «Ой Ордо» эксперттик демилгелер борбору жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы болду.

«Уроки Памяти» долбоорунун максаты — Кыргызстандын учурдагы билим берүү программасында Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхына өтө аз убакыт бөлүнүп жаткандыктан, жаштарды 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун маанилүү учурлары жана кыргызстандыктардын Жеңишке кошкон салымы тууралуу маалымдоо болуп саналат.

Өз сөзүндө Коргоо министри Бактыбек Бекболотов: «… «Уроки Памяти» долбоору — бул  билим берүүнүн демилгеси эмес, ал 80 жыл мурун өз өмүрүн аябай биздин элге жеңишти, эркиндикти алып келгендерге болгон моралдык карыз болуп саналат...» деп баса белгиледи.