Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

28.12.2024
81

2024-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады. 

Иш-чарада коргоо министри ардагерлерди өлкөнүн аскердик коопсуздугун камсыздоо кызматына кошкон салымы үчүн ведомстволук медалдар менен сыйлады.

Коргоо министри өз сөзүндө ардагерлерге келе жаткан Жаңы жылда ийгиликтерди каалап, алардын Мекен алдындагы кызматы аяктай элегин, алдыда  жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо деген жооптуу кызмат бар экендигин белгиледи.