Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов Баткен гарнизонундагы аскер шаарчаларынын курулуш иштери менен таанышты
05.12.2024
789
2024-жылдын 4-декабрынан баштап Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов оперативдик талаа чыгуусу менен Баткен гарнизонуна барды.
Коргоо министри иш сапарында гарнизондо курулуп бүткөн аскер шаарчаларынын курулуш иштери менен таанышып, аскер кызматкерлери үчүн заманбап ыңгайлуу кызмат жана жашоо шарттарын түзүүнүн маанилүүлүгүн өзгөчө белгилеп, жаңы объектилердин курулушу Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн аскердик инфраструктурасын жакшыртуунун негизги бөлүгү болуп саналаарын баса белгиледи.