Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Коргоо министри генерал-лейтенант Б.А. Бекболотов Чех Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Павол Шепеляк менен жолукту

05.12.2023
3995

2023-жылдын 5-декабрында  Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б.А. Бекболотов Чех Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Павол Шепеляк менен жолукту. 

Жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн аскер ведомстволорунун ортосундагы учурдагы жана келечектүү эл аралык аскердик кызматташуусу боюнча пикир алмашышты.

Ошол эле учурда тараптар эки тараптуу аскердик байланыштарды кеңейтүү жана бекемдөө боюнча биргелешкен иштин маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары аскердик өз ара аракеттешүүнү чыңдоого даярдыгын билдиришти.