Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министри генерал-лейтенант Б.А. Бекболотов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Коопсуздук кеңештеринин комитетинин биргелешкен жыйынына катышты
2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б.А. Бекболотов Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн Тышкы иштер министрлер Кеңешинин, Коргоо министрлер кеңешинин жана Жамааттык коопсуздук Келишим Уюмунун Коопсуздук кеңештеринин комитетинин биргелешкен жыйынына катышты.
Отурумга ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрликтеринин, коргоо ведомстволорунун жетекчилери, коопсуздук кеңештеринин катчылары, ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов жана ЖККУнун Бириккен штабынын башчысы генерал – полковник Анатолий Сидоров катышышты.
Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча уюмдун алкагында кызматташтыкты мындан ары чыңдоого багытталган бир катар документтерге кол коюлду, кадр жана каржы маселелери макулдашылды, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 23-ноябрына Минск шаарында белгиленген ЖККУнун жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна киргизилүүчү документтердин долбоорлору жактырылды.