Башкы
>
Жаңылыктар
Коргоо министри генерал-лейтенант Б. Бекболотов менен Түркиянын аскердик атташесинин жолугушуусу болуп өттү
13.08.2024
695
2024-жылдын 13-августунда Коргоо министри генерал-лейтенант Б.А. Бекболотовдун Кыргыз Республикасындагы Түркия Республикасынын Элчилигинин алдындагы аскердик атташеси подполковник Толга Такымжы менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Коргоо министри аскер атташесин жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктады.
Өз кезегинде подполковник ТолгаТакымжы жолугушууну уюштургандыгы үчүн КР Коргоо министрине ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар аскердик чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашышты.
Ошондой эле, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташуу жаатында болгон потенциалды арттыруу зарылдыгы белгиленди.