Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

КОРГОО МИНИСТРИ “АРМИЯ-2023” ЭЛ АРАЛЫК АСКЕРДИК-ТЕХНИКАЛЫК ФОРУМУНА КАТЫШТЫ

16.08.2023
3229

Россия Федерациясынын Коргоо министри, армиянын генералы С.Шойгунун чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов 14-августан 16-августка чейин Москва шаарында болуп өткөн Эл аралык коопсуздук боюнча 11-Москва конференциясына жана “Армия-2023” эл аралык аскердик-техникалык форумуна катышты.

Аскердик-техникалык форумдун алкагында кыргыз делегациясы «Армия-2023» форумунда көрсөтүлгөн Россиянын жана башка бир катар өлкөлөрдүн жаңы аскердик-өнөр жай комплекстери таанышты.

Эл аралык коопсуздук боюнча Москва конференциясынын жүрүшүндө республиканын коргоо ведомствосунун башчысы глобалдык коопсуздуктун актуалдуу маселелери каралган пленардуу жолугушууларга катышты.

Ошону менен бирге Москва конференциясынын алкагында КР Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов Россия Федерациясынын Коргоо министринин орун басары генерал А.Фомин менен жолугушту. Тараптар аскердик жана аскердик-техникалык чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.