Башкы
>
Жаңылыктар
“Коопсуздук -2025” машыгуусунун алкагында резервдик батальондордун практикалык ок атуусу болуп өттү
Бүгүн, 2025-жылыдын 23-апрелинде Коргоо министрлигинен жана күч түзүмдөрүнөн “Коопсуздук-2025” машыгуусунун катышуучулары Куралдуу Күчтөрдүн аскерлеринин (Күчтөрүнүн) башкаруу органдарын жана башка аскердик түзүмдөрдү күжүрмөн даярдыктын жогорку деңгээлине келтирүү маселелерин иштеп чыгышты.
Ал эми мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аскердик абал режимин киргизүү шарттарында милдеттерди аткарууга мамлекеттик органдарды даярдыкка келтирүү маселелерин иш жүзүндө иштеп чыгышты.
Бул маселелерди иштеп чыгуу аяктагандан кийин катышуучулар биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун экинчи этабына киришти.
Бул этапта машыгуунун катышуучулары куралдуу жаңжалды токтотуу жана мыйзамсыз аскердик кошуундардын күжүрмөн топторун жок кылуу боюнча биргелешкен операцияны даярдоого, ошондой эле айрым жерлерде (райондо) аскердик абал режимин сактоо боюнча иш-чараларды аткарууга жана аймактык коргонууну уюштурууга киришти.
Машыгуунун практикалык бөлүгү 73809 аскер бөлүгүнүн "Ала-Тоо" полигонунун базасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун жана Сокулук районунун резервдик роталарын, 36806 аскер бөлүгүнүн "Тээке" окуу борборунун базасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунун резервдик батальонун практикалык ок атуу менен резервдик түзүмдөрдү жөнгө салууну камтыды.
Мындан тышкары Аламүдүн, Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрацияларынын башчыларынын (райондордун коменданттарынын) абалын турукташтыруу боюнча чечимдери угулду.
Чүй облустук ИИБнын комендатурасынын ишин уюштуруу, аймактык коргонуу күчтөрүн жана каражаттарын гарнизондук бөлүштүрүү, ошондой эле стратегиялык объекттерди кайтаруу үчүн күчтөрдү жана каражаттарды бөлүштүрүүнү практикада көрсөтүлдү.
Мында катышуучулар "Коопсуздук - 2025" машыгуусунун экинчи этабын аякташты.
Эскерте кетсек, 2025-жылдын 22-апрелинен 24-апрелине чейин Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорда жана Ош облусунун Кара - Кулжа районунун аймактарында "Республиканын айрым жерлеринде аскердик абалды киргизүү шарттарында аскердик, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жана кырдаал курчуган учурда күжүрмөн милдеттерди аткаруу" темасы боюнча биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык "Коопсуздук-2025" машыгуусу өткөрүлүүдө.
КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгы