Башкы
>
Жаңылыктар
«Коопсуздук-2025» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусу башталды
2025-жылдын 22-апрелинде Чүй жана Ош облустарынын аймактарында «Коопсуздук-2025» биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуусунун ачылыш аземи болуп өттү.
Машыгуунун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу – машыгуунун жетекчиси полковник Кумарбек Калматаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү, машыгууга тартылган райондук мамлекеттик администрациялардын өкүлдөрү, ошондой эле Коргоо министрлиги менен күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышты.
Мындан тышкары, Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык "Коопсуздук-2025" машыгуусунун ачылышы Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын базасында болуп өттү.
Салтанаттуу ачылыш аземине Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов, Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы - Аким Замирбек Сыдыков, машыгууга тартылган райондун күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк –батыш оперативдик комадачылыгынын башкаруу органдарынын аскер кызматчылары катышышты.
Ачылыш аземинен кийин бардык катышуучулар машыгуунун биринчи этабына өтүштү. Анда Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн башкаруу органдарын жана аскер кызматчыларын жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкка келтирүү маселелери иштелип чыгат.