Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

КМШ мүчө мамлекеттердин штаб башчыларынын комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү

05.04.2024
3254

2024-жылдын 4-апрелинде Москва шаарында КМШ мүчө мамлекеттердин штаб башчыларынын комитетинин кезектеги отуруму болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы - Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан  Мукамбетов катышты.

Штаб башчыларынын комитетинин отурумунун алдында Кремлдин дубалынын жанындагы белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

Жыйындын жүрүшүндө штаб башчылары дрондорго каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын жана атайын аскердик операциянын жүрүшүндө минадан тазалоо тажрыйбасын талкуулашты. Бириккен абадан коргонуу системасын өркүндөтүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле, аскерлердин күжүрмөн даярдыгы жана талаа машыгуулары, кесипкөй аскерлерди даярдоо маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, штаб башчыларынын комитети заманбап шарттарда күжүрмөн аракеттерди жүргүзүү тажрыйбасын аскерлерди даярдоо практикасына киргизүүнү колдоду.

Талкуу форматында Шериктеш мамлекеттеринин аскер академияларынын жана Коргоо министрлер кеңешинин катчылыгынын өкүлдөрү тарабынан даярдалган "Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги: XI кылымдагы аскердик кызматташтык жана коопсуздук" аталышындагы биргелешкен илимий эмгеги каралды.