Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

КМШ мүчө мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн байланыш кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык комитетинин жыйыны жана аскердик байланыш адистери менен жолугушуу болуп өттү

19.08.2025
96

2025-жылдын 18-августунда Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин Куралдуу Күчтөрүнүн байланыш кызматтарынын жетекчилеринин Координациялык комитетинин жыйыны жана аскердик байланыш адистери менен жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында расмий жыйын өтүп, анда байланыш системаларын өнүктүрүү, аракеттерди координациялоо жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуунун актуалдуу маселелери каралды.  
Жыйындын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын атынан жыйынга Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын Байланыш башкармалыгынын башчысы полковник Азат Хайбулов катышты.

Полковник А. Хайбулов өз сөзүндө аскердик байланыш жаатындагы эл аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилеп, эффективдүү жана туруктуу байланыш системасы – армиянын коопсуздугунун жана күжүрмөн жөндөмдүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү экенин баса белгиледи.

Ошондой эле ал, Кыргыз Республикасы КМШ алкагындагы санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө, кадрларды даярдоого жана аскердик байланыш системасына инновациялык чечимдерди киргизүүгө багытталган биргелешкен демилгелерге ачык экенин билдирди.