Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Кичи футбол жана волейбол боюнча турнир аяктады

04.04.2025
465

Бүгүн 2025-жылдын 4-апрелинде КР Куралдуу Күчтөрдүн Аскер институтунун жана Коргоо министрлигинин “Аскердик спорт клубу” мамлекеттик мекемесинин спорттук аянтчаларында аскерлерде (күчтөрдө) 1941-1945 – жылдардагы Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысынын – Коргоо министринин биринчи орун басарынын кубогуна арналган кичи футбол жана волейбол боюнча турнир аяктады.

Турнирдин салтанаттуу жабылышы КР КК Аскердик институтунун спорттук базасында Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басары генерал-майор Руслан Мукамбетовдун катышуусу менен болуп өттү.

Турнир 2025-жылдын 1-апрелинен 4-апрелге чейин армия спортун мындан ары өркүндөтүү жана жаштарды аскердик-патриоттулукка тарбиялоо максатында өткөрүлдү.

Кичи футбол боюнча турнирлерге 8 команда, волейбол боюнча 7 команда катышты.

Бардык командалар спорттук чеберчилигин, чечкиндүүлүгүн жана жеңишке болгон өжөрлүктөрүн көрсөтүштү.

Өжөрлүктүн жана жеңишке умтулуунун натыйжасында 1 жарым финалда волейбол боюнча ТБОК жана Улуттук гвардиянын командалары беттешти (эсеп 3-0), экинчи жарым финалдык жупту АЧКК жана ТБОК командалары түзүштү (эсеп 3-0).

Күн мурун жарым финалда утулган командалар коло медаль утуп, Улуттук гвардиянын командасын 3-0 эсебинде ТБОК командасы утту.

Мини-футбол боюнча медалдар үчүн күрөштү Панфилов дивизиясынын жана "Скорпион" атайын багытчыларынын жамааттары, СВО жана ТБОК командалары улантып, алар жарым финалдык жуптарда күч сынашты.

Жыйынтыгында мини-футбол боюнча финалга өз командасы жана "Скорпион" командалары чыгып, утулгандар да кечээ 3-орунду ээлешти.

4-апрелде өткөн финалдык оюндар күйөрмандардын өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Кичи футбол боюнча турнирдин финалында жогорку чеберчиликти жана туруктуулукту көрсөтүп, биринчи орунду КР КК АККК командасы багындырса, экинчи орунга 52806 а/б командасы татыктуу болду.

Ал эми волейбол боюнча финалдык оюнда КР КК АККК командасы менен ТБОК II командасынын спортчулары беттешти.

Катуу күрөштүн натыйжасында биринчи орунду КР КК АККК командасы, экинчи орунду ТБОК II ээледи.

Оюндардын соңунда турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери сыйланды.

Ошондой эле номинациялар боюнча мыкты спортчулар сыйланды.