Башкы
>
Жаңылыктар
Кичи футбол боюнча турнир аягына чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды
12.03.2025
142
2025-жылдын 11-мартында Аскер институтунда Коргоо министрлигинин жана Генералдык штабдын аскер кызматчылары арасында кичи футбол боюнча турнири аягына чыгып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Коргоо министрлигинин өтмө кубогун Эл аралык аскердик кызматташтык башкармалыгынын курама командасы багындырды. Ошондой эле мыкты оюнчу, мыкты чабуулчу жана мыкты коргоочу номинациялары дагы өз ээлерин табып, Коргоо министринин грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.