Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Казак Республикасынын жана Россия Федерациясынын аскердик контингенттери “Бузулбас боордоштук -2023” машыгуусуна келди

06.10.2023
4137

Бүгүн, 2023-жылдын 6-октябрында Казак Республикасынын Коргоо министрлигинин тынчтык сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жамааттык Тынчтыкты сактоочу күчтөрү менен биргелешип өткөрүлүүчү «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Казак Республикасынын Коргоо министрлигинин тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти «Ак-Тилек автодорожный» чек ара бекетинен өтүп, өз күчтөрү менен авто унаалар жана бронетехника менен марш жасап, машыгуу өтө турчу жерге аман-эсен келишти. 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында машыгуунун жетекчилиги аларды салтанаттуу тосуп алды.

Ушул эле күнү Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин тынчтык сактоочу күчтөрүнүн аскердик контингенти Кант шаарынан марш жасап, биргелешкен машыгуу өтө турган жерге келди.

Белгилей кетсек, россиялык тынчтыкты сактоочу күчтөрү ар кайсы туруктуу жайгаштырылган жерлеринен «Кант» биргелешкен россиялык аскердик базасынын аймагына келип жайгашып, машыгуунун планына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында биргелешкен машыгуу өтө турган жерге келишкен. 20636 аскер бөлүгүнүн саптык плацында машыгуунун жетекчилиги аларды салтанаттуу тосуп алды.

Эске салсак, 9-13-октябрь аралыгында Кыргыз Республикасынын аймагында Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүнүн "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунун базасында ЖККУ мүчө-мамлекеттердин Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Тажикстан Республикасынын тынчтыкты сактоочу Жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин катышуусу менен «Бузулбас боордоштук-2023» машыгуусу өтөт.