Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

Касым Ормокоевдин 110 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

07.05.2025
83

Бүгүн, 7-майда КР КК Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн жана Улуттук гвардиянын аскер кызматчылары Бишкек шаарынын мэриясынын “Чоң Арык” муниципалдык аймактык башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Кыргызстандын алгачкы учкуч-инструктору Касым Ормокоевдин 110 жылдыгына арналган митинг-реквием өткөрүштү.
Иш-чарада Касым Ормокоевдин эрдиги эскерлип, гүлчамбарлар коюлду.