Башкы
>
Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунда «Коопсуздук-2025» машыгуусунун ачылыш аземи өттү
Биргелешкен командалык-штабдык жана мобилизациялык "Коопсуздук-2025" машыгуусунун ачылышы Ош облусунун Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын базасында болуп өттү.
Салтанаттуу ачылыш аземине Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгынын колбашчысы полковник Алмазбек Карасартов, Кара-Кулжа жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы - Аким Замирбек Сыдыков, машыгууга тартылган райондун күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк –батыш оперативдик комадачылыгынын башкаруу органдарынын аскер кызматчылары катышышты.
Ачылыш аземинен кийин бардык катышуучулар машыгуунун биринчи этабына өтүштү. Анда Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүмдөрдүн башкаруу органдарын жана аскер кызматчыларын жогорку деңгээлдеги күжүрмөн даярдыкка келтирүү маселелери иштелип чыгат.
Фотогалерея