Башкы
>
Жаңылыктар
Кара-Кулжа районунда «Коопсуздук – 2025» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусуна даярдык текшерилди
2025-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын жетекчилиги Кара-Кулжа районунда «Коопсуздук – 2025» биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгуусуна даярдыкты текшерүү максатында окуу орундарын жана шарттарын карап чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Ички иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана башка күч түзүмдөрүнүн аймактык органдарынын машыгууга болгон даярдыгы бааланып, мамлекеттик администрациянын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлдү.
Жолугушууларда машыгуунун максаттары, тапшырмалары жана мааниси түшүндүрүлүп, аймактагы коопсуздук маселелеринин актуалдуулугу белгиленди. Ошондой эле, даярдыктагы кемчиликтер көрсөтүлүп, аларды жоюу жолдору сунушталды, ал эми жакшы жактары баса белгиленди.
Эскерте кетсек, «Коопсуздук – 2025» машыгуусу үстүбүздөгү жылдын 22-24-апрелинде Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунда, ошондой эле Ош облусунун Кара-Кулжа районунда өткөрүлөт.