Логотип

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги

Башкы
>
Жаңылыктар

«Канжар-2026» биргелешкен машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү

20.02.2026
69

2026-жылдын 17-февралында Кыргыз Республикасы менен Индия Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн атайын багыттагы бөлүктөрүнүн «Канжар-2026» биргелешкен аскердик машыгуусунун активдүү фазасы болуп өттү.

 

Машыгуу үстүбүздөгү жылдын 14-февралында башталып, үч этапта өттү. Машыгуунун биринчи этабында жаңы технологиялардын жардамы менен чалгындоо-издөө иштери жүргүзүлдү.

 

Экинчи этапта душмандын жайгашкан жери аныкталып, күтүүсүздөн сокку урулду. Үчүнчү этапта тирүү калган күчтөр барымтага алынып, курал-жарактын үлгүлөрү колго алынып, душмандын жайгашкан жайы шарттуу түрдө жардырылып жок кылынды.

 

Аатайын багыттагы бөлүкчөлөрдүн аскер кызматчылары жогорку күжүрмөн даярдыгын, так аракеттенүүсүн жана заманбап технологияларды натыйжалуу колдонуу жөндөмүн дагы бир ирет далилдеп, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоого даяр экенин көрсөттү.

 

Иш-чара машыгуугда чеберчилик көрсөткөн аскер кызматчыларын сыйлоо менен жыйынтыкталды.